ИМПОРТТУК ДЕПОЗИТ – чет өлкөдөн товар сатып алуунун алдында импорттоочу банкка төгүүгө тийиш болгон (улуттук же чет өлкөлүк валюта менен) үстөксүз барымта; кээде ошол товарга алымдардын көлөмүнө ж. б. көрсөткүчтөргө байланыштуу белгиленет. Банктын И. д. төлөнгөндүгү тууралуу документи импорттоочу өлкөнүн бажы аймагына товарды жана унаа каражатын алып кирүүдө улуксаттын милдетин аткарат.